Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Республикалык штаб: Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды окутуу – саламаттык сактоо тутуму үчүн маанилүү маселелердин бири

Республикалык штаб: Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды окутуу – саламаттык сактоо тутуму үчүн маанилүү маселелердин бири

26 июн 2020, 15:14    bishkek
Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды тийиштүү окутуу – саламаттык сактоо тутуму үчүн маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Ал Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи, анын бир пункту катары медициналык адистердин кадрдык резервин даярдоо маселеси саналат.
«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутуму Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизүүдө», - деди Өкмөт башчы. 
Кыска мөөнөттө медициналык билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана ординатурада жана интернатурада окуп жаткандардын катарынан медициналык адистерди даярдоо милдети коюлган.
Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи. 
«Биздин саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулоо ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү», - деди Премьер-министр.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив