Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Аида Исмаилова волонтердук кыймылды координациялоо механизмин түзүү боюнча кеңешме өткөрдү

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова волонтердук кыймылды координациялоо механизмин түзүү боюнча кеңешме өткөрдү

25 июн 2020, 15:53    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова өлкөдөгү волонтердук кыймылды координациялоонун бирдиктүү механизмин түзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге волонтердук кыймылдын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери катышты.

«COVID-19 пандемиясынын биринчи толкуну учурунда волонтердук кыймылдар жарандарга гуманитардык көмөк көрсөтүүдө олуттуу роль ойноду.  Буга катар республикада волонтердук кыймылдын бирдиктүү координациясы жок. Бүгүн биз волонтердук кыймылдын ордун жана ролун, аталган кыймыл үчүн мыйзамдык базаны түзүүнүн максаттуулугун талкуулоону пландаштыруудабыз. Өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абалга байланыштуу волонтерлордун көмөгү зарыл», - деди Аида Исмаилова.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлү Бермет Усубалиева Кыргыз Республикасында Волонтердук кыймылды өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунуштады. «Бүгүнкү күнгө дейре биз мамлекеттик органдар менен биргеликте ар кыл багыттагы волонтерлорду окутуу жана даярдоо иши менен алектенип келдик. Алардын арасында өз тажрыйбаларын пайдаланып, мамлекеттик масштабдагы бир катар иш-чараларга катышкандары да бар», - деди ал.

Жолугушуунун соңунда волонтердук кыймылды активдештирүү маселесин талкуулоо боюнча кеңири форматтагы жолугушууну уюштуруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин муктаждыгына жараша саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлерге колдон келген көмөгүн көрсөтө алуучу волонтерлордун тизмеси сунушталмакчы.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив