Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков: Санариптик форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков: Санариптик форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш

25 июн 2020, 15:52    bishkek
Аралыктан иштөө режимине өтө турган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жумуштарды күчөтүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 
Биринчи вице-премьер-министр пандемия шартында жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн физикалык жактардын катышуусуз камсыз кылуу иштерин күчөтүү керектигин белгиледи. 
«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңселерден эмес, үйдөн алуусуна бардык шарттарды түзүү керек. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жаңы технологияларды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүсү керек. Муну менен катар COVID-19 боюнча калкка маалыматтарды кеңири жеткирүү жана анын мындан ары жайылышын алдын улуу үчүн колл-борборлордун дараметин күчөтүү тууралуу маселени республикадагы уюлдук компаниялар менен тез арада иштеп чыгуу шарт», - деди Алмазбек Баатырбеков.  
Биринчи вице-премьер-министр жарандардын ден соолугун сактоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине кызматкерлердин аралыктан иштөө маселесин карап чыгууну тапшырды.
«Республикада эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кызматкерлерди аралыктан иштөө режимине өткөрүү уюштурулушу шарт. Бирок бул аракет мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши керек. Кеңселерде түзүлгөн кырдаалда мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн камсыз кыла турган саналуу гана кызматкерлер иштеп, имараттардын ичинде санитардык нормалар тийиштүү деңгээлде сакталууга тийиш», - деди Алмазбек Баатырбеков.
Штабдын жыйынында тармактык мамлекеттик коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин күчөтүү үчүн  маалыматтык жана интернет-технологияларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив