Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Депутат Марлен Маматалиев: Фейк-аккаунттун же аты болбосо, же сүрөтү болбосо, жарандар өздөрүнүн ар-намысын сотто дагы коргой алышпайт

Депутат Марлен Маматалиев: Фейк-аккаунттун же аты болбосо, же сүрөтү болбосо, жарандар өздөрүнүн ар-намысын сотто дагы коргой алышпайт

24 июн 2020, 11:44    bishkek

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев FactCheck KG фейсбук каналындагы “Эмнеге?” программасына катышып, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди.
Ал интернеттин келиши менен социалдык түйүндөр абдан өнүгүп жатканын, анын абдан көп жакшы жактары менен кошо, жаман жактары дагы пайда боло баштаганын, көптөгөн жарандар аны маалымат алуу, таратуу инструменти катары да пайдаланып келе жатышканын айтып берди. “Мына учурдагы эле КОВИД-19 жаңы вирусу тууралуу айталы. Дүйнө жүзүн каптап жаткан бул вирусту ошол эле фейк-акаунттар “мындай вирус жок, бул жөн эле сөз” деп чыгышты. Мындай сөздөр Кыргызстандагы соцтармактарда дагы айланып жүрөт. Алтургай “Нарында бир адам коронавирус жуктуруп алыптыр, аны жалпы айылдан көчүргөнү жатыптыр” деген сөздөр чыгып кетти. Ошентип жыйынтыгында бул маалымат дагы жалган болуп чыкты. Ошондой эле дүкөндөрдө азык-түлүк калбай, бош калган сүрөттөрдү салышты. Бул дагы биздин өлкөдө эмес, башка өлкөдө болгону аныкталды. Ошол маалда бизде ажиотаж болуп жатты эле, ага дагы бир кошумча ажиотаждын толкуну каптоосуна себеп болду”, - деп фейк–маалыматтардын кесепеттерине акыркы мисалдарды тартты.
Депутат мындай фейк-маалыматтар мамлекетке дагы, коомчулукка дагы терс таасирин тийгизип жатканын, эми ушул сыяктуу эле жалган маалыматтар айрым жарандардын ар-намысына шек келтирерин баса белгилелди. “Фейк-аккаунттарды ача коюп эле бир адамды ушундай бир каралап койсо болгондой жагдайлар жаралды. Андан ал жаран актанып да кутула албай калат. Абийир, ар-намыс дегенде бул жерде жөнөкөй жаранбы же аткаминерби айырмасы жок. Фейк-аккаунтка жашырынган адамдын же аты болбосо, жок дегенде сүрөтү болбосо, андай шартта жарандар кимге доомат коерун дагы билбей, өздөрүнүн ар-намысын сотто дагы коргой алышпайт”, - деп билдирди Марлен Маматалиев.
Ал мындан биз эле эмес дүйнө жүзү жабыр тартып келатканына токтолуп, бул жерде ошол караниет фейк-аккаунттарды пайдалануучуларды аныктоо маселеси тургандыгын билдирди. “Мыйзам долбоору албетте, төгөрөгү төп келишкен деп айта албайбыз, ошол үчүн коомчулуктун талкуусуна алып чыгып жатабыз. Тараптардын сунуш-пикирлери, сындары эске алынып, комитетке жакшылап иштелип чыккан варианты чыгарылат”, - дейт депутат Марлен Маматалиев.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив