Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Республикалык штаб: Борбор тургундарынын арасында COVID-19 дартын жуктуруп алган учурлардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда

Республикалык штаб: Борбор тургундарынын арасында COVID-19 дартын жуктуруп алган учурлардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда

15 июн 2020, 09:41    bishkek
Акыркы кездерде Бишкек шаарынын тургундарынын арасында COVID-19 дартын жуктуруп алган учурлардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда.
Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгиленгендей, күн сайын эпидемиологдор инфекция булагын аныктоо көйгөйүнө дуушар болууда.
«Ооруну жуктуруп алуу булагы аныкталбаган жактардын көпчүлүгү өзүнүн ооруп калгандыгын базарларга баруусу жана коомдук транспортто жүрүүсү менен байланыштырууда. Коомдук транспортту 60-70% ашык толтурбоо жана анда милдеттүү түрдө маска кийүү талабын мониторингдөө боюнча ишти күчөтүү зарыл, анткени, коомдук транспортто социалдык обочолонууну сактоо кыйынчылыкка турат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары – Республикалык ыкчам штаб Жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.
Ошондой эле ал мындай шартта оору жугузуп алгандарды эртелеп аныктоо жана оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгон жактарды өз учурунда изоляциялоого өзгөчө басым жасоо зарыл экендигин белгиледи.
«Ири соода базарларынын кире беришинде базар кызматкерлеринин дене табын текшерүү үчүн стационардык тепловизорлорду орнотуу зарыл. Дене табы жогору экендиги аныкталган кызматкерлер ишке кое берилбеши керек. Ден-соолугу кооп туудурган пенсия курагындагы адамдар коомдук жайларга баруудан кармануулары сунушталат. Өлкөнүн ар бир жараны тийиштүү санитардык талаптарды аткаруусу абзел. Жалпыбыздын коронавирус илдетине каршы күч-аракетибиз координацияланып, ырааттуу болушу абзел. Биздин негизги милдетибиз COVID-19 пандемиясы шартында мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоо болуп саналат», - деп жыйынтыктады Алмаз Кененбаев.
Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өлкө боюнча «118» колл-борборунун маалыматтык-агартуу ишин жана мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү зарылдыгы белгиленди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив