Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Аида Исмаилова Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү

Аида Исмаилова Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү

12 июн 2020, 09:37    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына ылайык, балдарды колдоо жаатында 22 милдет жана 30 чара аныкталган.
Кеңешмеге тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты. 
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жетишилген максаттар жана балдарды комплекстүү колдоого алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жаатында алдыга коюлган иштер тууралуу отчет беришти. 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоого алынбаган балдарды документтештирүү процессинин жүрүшү, жеке идентификациялык номерлерди ыйгарууга арыздарды координациялык түрдө кароо, жеке идентификациялык номерлерди ыйгаруу тутумун жөнөкөйлөштүрүү боюнча мындан аркы жүргүзүлчү иштер тууралуу маалымдады.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти күчтөндүрүү чечими кабыл алынды.  скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив