Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Чолпонбек Абыкеев бейөкмөт уюмдарга: Күнүмдүк курсагыңар үчүн кыргыз элин, улутту, мамлекетти сатасыңарбы?!

Чолпонбек Абыкеев бейөкмөт уюмдарга: Күнүмдүк курсагыңар үчүн кыргыз элин, улутту, мамлекетти сатасыңарбы?!

11 июн 2020, 15:04    bishkek

Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев коммерциялык эмес уюмдардын каржылык отчет берүүсү боюнча мыйзам долбоору талкуулаган “Биринчи каналдын” эфиринде бейөкмөт уюмдар ар кимиси ар кандай иштерди аткарып жатышкандыгына токтолгон.
“Мисалы, белгилүү укук коргоочу, өмүр бою түрмөгө кесилген адамды эмне үчүн тээтиги ООНго чейин барып укугун коргоп жүрөт? Андан башка канчалаган адамдарыбыз жатат, түрмөдө. Булар кана алардын бирөөсүн коргогону, эч кимисин коргобой жатпайбы? Бейкүнөө эле жатып калгандары бар, алардын укугун коргобойбу кыйын экен?”, - деп оюн ортого салган.
Чолпонбек Абыкеев бейөкмөт уюмдар бир эле адамдын укугун ООНго чейин барып, Европага чейин кыдырып коргоп жүрүшкөнүн айтып, ошого кеткен чыгымдарды, каражаттарды каяктан алып жатышат деп суроо салган.
“Бул келесоого деле түшүнүктүү да. Ошончолук акчанын баары сырттан келип жатат. Ошонун баарын ушинтип коргойсуң деп берип жатат. Анын баарын ачыкка чыгаргылары келбей жатпайбы. Бул жерде бардыгын ачык айтыш керек”, - деп баса белгилеген.
Ошондой эле коомдук ишмер кенедей жашыл акча алса эле мамлекетти сатыш керекпи, улутту сатыш керекпи, элди сатыш керекпи деп жаны ачып: “Ушул жердин абасы менен дем алып, суусун ичип жатасыңар. Ата-бабаңар ушул жерде болгон, келечек муунуңар дагы ушул жерде болот. Анан ушул күнүмдүк курсагыңар үчүн сатасыңарбы кыргыз элин, улутту, мамлекетти сатасыңарбы?! Кичине патриоттук дух болушу керек го?!”, - деп эмоциясын дагы билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив