Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектин эпидемиологиялык абалы боюнча жыйын өткөрдү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектин эпидемиологиялык абалы боюнча жыйын өткөрдү

11 июн 2020, 10:25    bishkek
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов шаардын эпидемиологиялык абалы боюнча Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү.
Кубатбек Боронов шаарда түзүлгөн кырдаал тынчсыздандырып жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылып жатканын белгиледи. 
«Шаарда күнүгө вирусту жуктургандар аныкталууда, ошол эле учурда илдет менен ооругандардын көпчүлүгүнүн инфекцияны кайдан жугузганы белгисиз. Калаада экономиканын дээрлик бардык тармактарында иш жанданып, коомдук транспорттор, ири базарлар жана соода аянттары иштеп жаткан кырдаалда вирустун жайылышын алдын алуу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошондуктан абалды турукташтырып, иштөө ыкманы белгилүү бир деңгээлде алмаштыра турган иш-чараларды кабыл алуу зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 
Шаардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү дезинфекциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомдук жайларда, короолордо санитардык талаптардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейддер жана тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор тууралуу маалымат беришти.
Алардын айтымында, жума сайын ири базарларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого жабуу, коронавирус инфекциясына карата тесттерди өткөрүү маселесин кароо, ишкерлик субьекттер менен коомдук жайларга (мончо, бассейн, спортзал) барган жактардын эсебин жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу, коомдук транспорт, базарлардын жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызматкерлери арасында оорунун алдын алуу иретинде    скринингдик лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү сунушталууда.
Биринчи вице-премьер-министр муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин, турак-жай менчик ээлеринин башчыларынын COVID-19 дартынын белгилерин алып жүргөн тургундар тууралуу маалымат берүү ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 
«Жарандарды сасык тумоодон вакцинациялоо боюнча маселени иштеп чыгуу, калк арасында коронавирустун жаңы толкуну ыктымал экендиги жана иммунитетти чыңдоо, маска кийүү, обочолонууну сактоо зарылдыгы тууралуу  кеңири маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү зарыл.Инфекциянын жугушун максималдуу түрдө азайтуу керек, өзгөчө коомдук жайларда», - деди Кубатбек Боронов.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив