Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Аида Исмаилова БУУ ДАП өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту

Аида Исмаилова БУУ ДАП өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту

11 июн 2020, 10:23    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ ДАП 2018-2022-жылга Кыргыз Республикасында БУУ ДАП Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу үчүн өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон.

Беш жылдык пландын негизги багыттары катары төмөнкүлөр саналат:

- 2022-жылга карата мектептик тамактанууну жакшыртуу жана бардык мектептерди ысык тамак менен камсыздоо (учурда мектептердин 60% жакыны программа менен камтылган). БУУ ДАП мектеп ашканаларын жабдууга жана кызматкерлерди даярдоого көмөк көрсөтөт;
- калктын аяр катмары арасында азык-түлүк коопсуздугу боюнча абалды жакшыртуу;  
- азык-түлүк коопсуздугун талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аналитикалык иш;
- климаттын өзгөрүүсүнө калыптануу жана жаратылыш кырсыктары тобокелдигин кыскартуу.

БУУ ДАП Жашыл климаттык фонддон каржылоо алган Кыргыз Республикасындагы алгачкы уюм болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ ДАП тарабынан калктын социалдык жактан аяр катмарына көрсөтүлүп жаткан колдоону белгилеп, өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив