Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт

COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт

10 июн 2020, 16:13    bishkek
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
«Силердин ар бириңердин ишиңерден, жоопкерчиликтүү мамилеңерден, коюлган милдеттерди сапаттуу ишке ашыруудан, аларды аткарууну көзөмөлдөөдөн жарандарыбыздын саламаттыгы жана өмүрү көз каранды. Дагы бир ирет кайталайм, ишиңерде эч кандай калпыстыктар жана кемчиликтер болбоого тийиш. Бир түзүмдүн жетишсиз иши башка ведомстволордун ишинин көлөмүн арттырууга таасирин тийгизет.  Бирок эң кооптуусу – ооруга кабылгандардын санынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилдик кетирген жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Күз-кыш мезгилине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал», - деди Кубатбек Боронов. 
Ал ошондой эле белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактоону көзөмөлдөп, коомдук унааларга жана таксилерге өзгөчө көңүл буруулары керек.
«Коомдук жайларда, соода аянттарында, коомдук унааларда жана таксилерде санитардык талаптардын сакталышына туруктуу көзөмөл болууга тийиш. Муну менен катар таксилерди жана коомдук тамактануу жайларын тийиштүү дезинфекциялоо шарт. Мендеги маалымат боюнча кафелерде келген адамдардын ортосунда аралык сакталбай жатат, ал эми такси айдоочулары беткап тагынбай жатышат», - деди биринчи вице-премьер-министр. 
Жыйындын жүрүшүндө «Чалдыбар – Автожол» өткөрмө жайынын иши, калкты сасык тумоого каршы эмдөө, медицина кызматкерлеринин потенциалын арттыруу, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринде инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү маселелери талкууланды.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив