Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Мигрантка ок аткан Москванын тургуну 10 жыл 3 айга соттолду

Мигрантка ок аткан Москванын тургуну 10 жыл 3 айга соттолду

07 авг 2018, 08:37    bishkek
4-августта Москванын Черемушкин райондук соту метро вагонунда тажик мигрантына ок чыгарган 61 жаштагы Сергей Царёвду 10 жыл 3 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Сот чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрүшү керек.
Эки жыл мурда Царёв мас абалында метродо бараткан тажикстандык мигрант Сулаймон Саидов менен жээнинин вагондон чыгып кетишин талап кылып, жаңжал чыгарган.
«Жарандык көмөк» («Гражданское содействие») комитетинин маалыматына караганда, кол салган адам тажикстандыктардын дарегине жаман сөздөрдү айткан. Андан соң Саидовду көздөй бир нече жолу ок атып, ал курсагынан жана башынан жараат алган. Жаракаттары оор болгондуктан дарыгерлер анын бир көзүн алып салууга аргасыз болушкан.
Царёв окуя болгон жерден качып кетип, бирок көп өтпөй колго түшкөн. Ага каршы «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Москвадага «Сова» борборунун маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн психикалык саламаттыгынан күмөн саноолор болгон. 2016-жылы октябрда Федералдык медициналык изилдөө борбору Царев «психикалык жактан жабыркайт» жана мажбурлап дарыланышы керек деген корутунду чыгарган. Ошол эле жылы декабрда Москванын Кузьминск райондук соту Царевди психиатралдык ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алган. Бирок анда Царев оорулуу деп табылган эмес.Мындан соң жабырлануучу Царёвдон медициналык чыгымдар үчүн 300 миң рубль, моралдык чыгым үчүн 15 миллион рубль компенсация талап кылып, жарандык доо менен сотко кайрылган.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 12 марта 2019 09:15
Online Pharmacy With No Prescription Sildenafil Citrate 250mg Alimentation Et Baclofen generic 5mg cialis best price Cialis Effet Secondaire
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив