Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Республикалык штаб: Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү зарыл

Республикалык штаб: Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү зарыл

22 май 2020, 10:28    bishkek
Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө COVID-19 жуктурууга жол бербөө үчүн инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине мындай тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. 
«Бул маселеге бөтөнчө көңүл буруу зарыл», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан   санитардык-эпидемиологиялык жана башка чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо  жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлдү. 
Биринчи вице-премьер-министр Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди. 
«Түзүлгөн абал жугуштуу инфекциянын жайылышынын алдын алуу максатында шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 
Ыкчам штабдын мүчөлөрү бүгүнкү күндө коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү маселесин талкуулады. Көчмө лабраторияларды сатып алуу жана тийиштүү адистерди окутуу ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Чет өлкөдөн келген жарандарды обсервациялык пункттардан аймактардагы жашаган жерине жеткирүү боюнча уюштурулаган алгоритмди сактоо маселесине өзгөчө басым жасалды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив