Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: Өкмөт Россия менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: Өкмөт Россия менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

22 май 2020, 10:25    bishkek
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия тарап менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди. 
«Бүгүн COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономикалык кризис экономикабызга бир кыйла таасир берүүдө. Муну менен бирге АКШ долларына карата улуттук валютанын курсу дагы төмөндөдү. Мунун баары экономикалык ишмердүүлүктүн басымдуу бөлүгүнүн ишин токтотууга алып келди. Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү дагы төмөндөдү. Ошондуктан биз Россия менен жаратылыш газынын чыккан баасын төмөндөтүү жана эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүү үчүн  сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул биз үчүн өтө аярлуу маселе болуп саналат», - деди вице-премьер-министр.
Эркин Асрандиев бүгүнкү күндө көгүлтүр оттун баасын жөнгө салуу Россия менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөрүн эске салды.
«ЕАЭБ тууралуу келишимге ылайык, газдын жалпы рыногун түзүү 2025-жылга пландалууда. Учурда Кыргызстан өзүнүн чек арасында газды Кыргыз Өкмөтүнүн жана Россия Өкмөтүнүн ортосундагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Келишимге ылайык сатып алат». 
Учурда ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары тууралуу документти иштеп чыгуу аяктап, анын алкагында газ ташуунун тарифи талкууланып жатат. Айтмакчы, бул маселени 19-майда мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда талкуулашкан, анда Кыргыз Республикасы газды ташып жеткирүү тарифтерин чыгарылган өлкөгө карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди колдору белгиленген. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив