Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш түзүлдү

Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш түзүлдү

21 май 2020, 09:40    bishkek
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш түзүлдү жана анын Жобосу бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 
Бул чечим майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоого байланыштуу маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо максатында кабыл алынды.
Кеңеш Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу  туруктуу иштөөчү коллегиялык кеңеш берүүчү, майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында натыйжалуу мамлекеттик саясат түзүүчү, майыптыгы барларды реабилитациялоо жана алдын алуу чараларын иштеп чыгуу жана бул тармактагы мыйзамдарды аткаруу боюнча орган болуп саналат.
Эскерте кетсек, буга чейин 2011-жылдын 21-ноябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасы Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулган. 
2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков «Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгон. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив