Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Республикалык штаб: Санитардык талаптарды аткаруу катуу көзөмөлдөнөт

Республикалык штаб: Санитардык талаптарды аткаруу катуу көзөмөлдөнөт

21 май 2020, 09:37    bishkek
«2020-жылдын 21-майынан баштап экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандантуу ишкерлерден да, жарандык коомдон да социалдык жоопкерчиликти талап кылат», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

Ал белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп, бардык санитардык эрежелерди аткарууну күчөтүлгөн көзөмөлгө алууга тийиш.

«Беткап тагынуу, аралыкты сактоо, санитайзерлерди орнотуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер коомдук жайларда бекем сакталышы керек. 21-майдан тартып экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар түрлөрүнүн ишин жандантуу, андан соң коомдук унаалардын иштеп баштоосу белгилүү бир күмөн саноолорду жаратууда. Эң башкысы – ар бир жарандан санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөдөгү мындан аркы эпидемиологиялык абал көз каранды. Санитардык эрежелер аткарылбаган шартта буга чейин көрүлгөн бардык чаралар жана жумшалган күч-аракеттер текке кетип, жетишкен жыйынтыктар жокко чыгат. Ошондуктан ар бир  жооптуу адам санитардык талаптардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөсү керек. Биринчи кезекте, кеп коомдук унаалар, соода борборлору жана коомдук тамактануу жайлары тууралуу болуп жатат», - деди Кубатбек Боронов. 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, айрым май куюучу жайларда санитардык нормалар сакталган жок, айрыкча айдоочуларга автоунааларын өз алдынча май куюуга уруксат берилүүдө, бул белгиленген санитардык нормаларга каршы келет. 

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалды талкуулашты. Мындан тышкары обсервациялык жайлардын даярдыгы жана аларды кароо боюнча жүргүзгөн иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарегине сын айтылды.  

Республикалык штаб жаңы обсервация үчүн орундарды даярдоо жана мындай жайлардагы тиешелүү көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келип, үй карантинине алынгандар талаптарды катуу сактоосуна өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди. 

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив