Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19 чалдыккандар менен байланышкан жарандарды аныктоо - бул илдет менен ооругандарды тапкандай эле маанилүү милдет

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19 чалдыккандар менен байланышкан жарандарды аныктоо - бул илдет менен ооругандарды тапкандай эле маанилүү милдет

18 май 2020, 15:11    bishkek
Калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет. Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында койду. 
 
«Жаранда вирустун бар экендиги аныкталар замат биз аны менен байланышкан бардык адамдарды табууга болгон күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Медицина кызматкерлери жана ар бирибиз чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура турган мезгил эмес. Бир каталык кетирүү менен ишти кайра башынан баштап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир мамлекеттик орган толук күчүн жумшап иштеди, ушул багытта улантууну өтүнөм», - деди Кубатбек Боронов.
 
Ал ошондой эле баса белгилегендей, өлкөнүн вирус чыккан жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү зарыл. 
 
«Биз Нарын шаарына кошумча күчтөрдү багыттадык. Мобилдик бригадалар тууралуу сөз болуп жатат. Дары-дармек жетишпеген шартта дароо билдиргиле. Азыркы күндө дары каражаттары жетиштүү жана зарылдыгына жараша керектүү аймактарга жөнөтөбүз. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын эстен чыгарбоо кажет. Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объекттерге тартылгандар гана келе алышат. Бул, албетте, ар бирибиздин эртеңки коопсуздугубузду камсыздоо үчүн кабыл алынган убактылуу чара», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр. 
 
Кубатбек Боронов эскерткендей, учурда мекендештерди өлкөгө алып келүү иштери жүрүп жатат. Келген жарандарды жайгаштыруу алгоритмин так иштеп чыгуу шарт.
 
«Ошондой эле жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 инфекциясы аныкталып, алар ооруканага жаткырылды. Өздүк курамдын иш планын соттолгондор менен байланышты азайткыдай түрдө иштеп чыгуу керек. Муну менен бирге коронавирус инфекциясына кабылгандар менен байланышкандарды аныктоо иштери уланууда», - деди ал. 
 
Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коңшу өлкөлөрдө, ошол сыяктуу эле Кыргыз Республикасында экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу аркылуу жол трафиги көбөйгөнүн эскертип, жүк ташуучу унаалардын кирүү алгоритмин жаңылоону тапшырды. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив