Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларда тартипти камсыз кылууну жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларда тартипти камсыз кылууну жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырды

18 май 2020, 15:10    bishkek
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларга убактылуу жайгаштырылган жарандарга кайрылды.
Премьер-министрдин айтымында, Өкмөт мекендештерди өлкөгө алып келүүнү уюштуруу жана мекенге кайтканга чейин барган өлкөсүндө убактылуу туруу шарттарын түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат. 
«Бул баарынан биринчи Россия Федерациясында жүргөн биздин жарандарга тийиштүү.  Мекендештерди этап-этабы менен алып келүүнү уюштуруу менен катар эле, алар үчүн обсервациялык жайлар оңдолуп жана бардык зарыл шарттар түзүлүп даярдалган.  Жакшы шарттар түзүлгөн – инфекциянын жугушун алдын алуу боюнча бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган эки кишилик бөлмөлөр уюштурулган. Медицина жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, жарандардын ден соолугун коргоо жана сактоо үчүн күн-түн дебей иштеп жатат. Алар эң жакын адамдарынан обочолонуп, үй-бүлөсүн көптөн бери көрбөй иштеп жүрүшөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. 
Ал өзгөчө белгилегендей, миллиондогон жарандар кирешесинен айрылып, чыгымдарга дуушар болуу менен карантиндик шарттарда жашоону улантышууда.
«Жарандар инфекциянын кескин жайылуусуна жол бербөө үчүн бул кыйынчылыктардан өтүү керектигин түшүнүп жатышат. Ооругандардын сакаюу динамикасы жакшы, анткен менен тобокелдиктер дагы эле жогору. Анын баасы адамдардын өмүрүнө жана  мамлекеттин коопсуздугуна тете, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан тарта COVID-19 инфекциясынын тыштан келген 351 учуру аныкталган. Алардын арасында Соль-Илецктен келгендердин арасында коронавирусту жуктурган 101 адам катталган, анын ичинде 43ү бүгүн аныкталды. Бирок айрым жарандар обсервацияга келген күндөн баштап медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө. Алар башка адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратып, жарандардын тынчын алып, тартип бузушууда. Кайталоо анализи инфекциянын жок экендигин көрсөткөндө гана жарандар обсервациядан чыга аларын белгилей кетким келет! Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Алар алыстан мекенине кайтып келүүнү көпкө күтүшкөн, бирок биз үчүн эң башкысы – инфекциясынын көзөмөлсүз жайылышына жол бербөө болуп саналат. Иш-аракеттердин иштелип чыккан алгоритминин эч бузбастан, алардын кынтыксыз аткарылышын камсыздоо зарыл. Вирустун жок экендиги аныкталганда гана үй карантинин сактоо үчүн аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштурулат. Биз биринчи кезекте туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын, коомдун алдындагы жоопкерчилигибизди эстен чыгарбоого тийишпиз».
Өкмөт башчы компетенттүү органдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле обсервацияларда тартипти сактоо жана медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттарды түзүү боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив