Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Депутат Акматов: Түрк ишкеринин мага карата койгон дооматтары жалган

Депутат Акматов: Түрк ишкеринин мага карата койгон дооматтары жалган

16 май 2020, 12:38    bishkek
Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Акматов  түрк элчиси куру доомат койгонун айтып, баары жалган экенин Фейсбук баракчасына жазды. Ал кыргыз-түрк боордош эл экенин эске алып, түрк элинин өкүлү  катары сыйлаганын айтып, бирок коюлган дооматтардын жалган экенин айтып берди.
Сөзү өзгөртүлбөй берилди:
1. Жогорку Кеңештин депутаты ишкердик менен алектенгенге укугу жок. Мыйзамды туу туткан адам катары мыйзамга каршы кадамдарга барбайм. Ишкердик менен алектенбейм.
2. Мага доо койулган “Таксим- бир туургандар” кафесине менин тиешем жок. Кафенин орду менин тууганым Чынара Султанбековага, таяэнесинен калган мурас экендиги чындык. Бирок, мен ар бир тууганымдын мүлкүнө ээлик да, ишмердигине жооп берип, таасир да бере албайм. Ал, менчик ээсинин жеке иши.
3. Түрк жараны Ифлазоглы Али “шартыма көнбөсөңөр” коомго чыгып, өч алам, тажрыйбам бар, “көргүлүктү көргөзөм” деген сыяктуу коркутууларды айтып жүргөнүн социалдык түйүндөргө кайрылуусу чыккандан кийин билдим. Демек, мени каралоого атайын жасалган кадам катары баалоого толук негиз бар.
4. Кадыр баркыма шек келтирилип, намысыма тийгизген сокку болгондуктан сотко кайрылып, калыстыкты талап кылууга мажбурмун. Бул менин башкы мыйзам кепилдик берген укугум.
5. Ленин райондук сотуна, менин ар намысымды коргоо боюнча доо арызымды өткөрүп, 1 млн сом доо койдум. Сот ишти акыйкат карап, жеңип чыксам 1 млн сомду, COVID-19дан жабыр тарткан чынчыл ишкерлердин эсебине которуп берүүнү туура көрдүм.
6. Эгерде, түрк ишкери, мага койулган дооматын далилдеп берсе, менин “коркутканымды” айгинелесе мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын.
7. Түрк ишкери, чын эле инвестор болсо, “Таксим бир туугандар” кафеси 11 жыл аралыгында өлкө казнасына канча төлөм кирештегенин салык кызматы толугу менен дыкат текшерип берүүсүн талап кылам. Ошондой эле, каржы полициясы инвестор катары мамлекетке канча каражат кирештегенин карап, ишмердигин текшерүугө алып өз баасын берүүгө чакырам.
Урматтуу достор, кырдаалга атайын саясий өңүт берилип, түрк ишкеринин артында аппоненттерим турбайт деген кепилдик жок. Андыктан, укук коргоо кызматтары юридикалык баа бермейинче бир жактуу каралоону токтото турууну, иштин чын төгүнүнө жетүүгө өзүм дагы кызыктар экенимди билдирем. Дагы бир жолу, кафенин ишмердигине тиешем жоктугун белгилейм. Урматым менен, Алмазбек Акматов.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив