Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: Кризиске каршы чаралардын экинчи планынын негизги милдеттеринин бири – антикризистик фонд түзүү

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: Кризиске каршы чаралардын экинчи планынын негизги милдеттеринин бири – антикризистик фонд түзүү

15 май 2020, 10:26    bishkek
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кризиске каршы чараларынын негизги милдеттеринин бири – антикризистик фонд түзүү болуп саналат, анын каражаттарынын эсебинен ишкердик субъекттерине жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди. 
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев белгилегендей, антикризистик чаралардын биринчи пакетинин алкагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлүп, 460 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлүп, салыктык төлөмдөр жана социалдык чегерүүлөр боюнча мөөнөттөр жылдырылды. 
«Бизнести колдоо жана экономиканы акырындык менен калыбына келтирүү максатында экономика секторлорун жана ишкердик субъекттерин колдоо боюнча чаралардын экинчи пакети иштелип чыкты. Бул кризиске каршы чаралардын планы бизнес-коомчулуктун, көз карандысыз эксперттердин пикирлерин, донорлордун жана парламенттин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Планда капиталды жана мүлктү легалдаштыруу, «Кепилдик фонду» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүү, салык жана социалдык чегерүү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү каралган. Мындан тышкары экспорт жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытындагы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт. Экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Планда  мамлекеттик жана муниципалдык мүлк боюнча ижараны төлөөдөн бошотуу каралган, чакан жана орто ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү пландалууда. Өз алдынча иштеген адамдарды майда каржылоо компоненти бар», - деп белгиледи Эркин Асрандиев. 
Ал баса көрсөткөндөй, кредит берүүнүн негизги багыттары катары жеңил өнөр жайы, туризм, чакан жана орто ишкердик субъекттери, майда каржылоо, санариптештирүү, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканалар, фармацевтикалык өндүрүш, жүк ташуучу транспортту жаңылоо болуп саналат.
Азыркы учурда жеңилдетилген кредит берүү программасы шарттары, мөөнөтү жана артыкчылыктуу багыттары боюнча толукталып иштелип жатат.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан биринчи окууда кабыл алынды. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив