Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Казакстанда «саясий туткундардын тизмесин» бир нече активист толуктады

Казакстанда «саясий туткундардын тизмесин» бир нече активист толуктады

03 авг 2018, 09:36    bishkek
0 комментарий   
«Ар.Рух.Хак» коомдук уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина 25-июлда жергиликтүү укук коргоочулардын эксперттик кеңеши тарабынан кабыл алынган «казакстандык саясий туткундардын» жаңыланган тизмесин жарыялады.

Тизмеге жарандык активисттер Алмат Жумагулов, Кенжебек Абишев, Абловас Жумаев, Асет Нуржаубай, Асет Абишев жана Мурат Тунгышбаев киргизилген. Тунгышбаевди быйыл июндун аягында кыргыз тарап Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча өткөрүп берген. Ал өз өлкөсүндө «кылмыштуу топту каржылоо» жана «экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренелери боюнча айыпталып, учурда Алматыдагы тергөө абагында камакта жатат.

Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн пикиринде, бул активисттердин бардыгы тең өз ишенимдери жана жарандык активдүүлүгү үчүн куугунтукка алынууда. Укук коргоочулар аларга каршы кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгон деп эсептешүүдө.
«Саясий туткундардын» быйыл апрелде жаңыланган тизмеси бул жолкусунда бир топ өзгөрүүгө дуушар болгон. Андан бери жалпысынан сегиз киши абактан чыгарылып, мажбурлап дарылатуудан дарылануу жайына которулган. Алардын арасында активисттер Талгат Аян, Амин Елеусинов, Нурбек Кушакбаев, журналист Асет Матаев, профессор Саят Ибраев, эколог Ержан Оразалинов жана башкалар бар.
«Саясий туткундардын бул тизмесин жарыялоо менен биз Amnesty International, Human Rights Watch, FIDH – International Federation for Human Rights сыяктуу абройлуу укук коргоо уюмдарын дагы активисттерди эл аралык деңгээлде саясий туткун деп таап, аларды коргоо боюнча эл аралык өнөктүк баштоого үндөйбүз», – деп жазылган Бахытжан Торегожинанын билдирүүсүндө.
Казакстандык эксперттер адамдарды «саясий туткундардын» тизмесине киргизүүдө Европа Кеңешинин парламенттик Ассамблеясы менен эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун сунуштамаларына таянышат. Өз кезегинде казак бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;