Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » COVID-19 Кыргызстанда: Президент Жээнбеков дарыгерлерге ыраазычылык билдирди

COVID-19 Кыргызстанда: Президент Жээнбеков дарыгерлерге ыраазычылык билдирди

25 мар 2020, 20:57    bishkek
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуужасады.
Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда, Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларына жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгондугун эске салды.
Президент билдиргендей, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана аталган аймактардагы өзгөчө абал жашоо турмушубузда айрым ыӊгайсыздыкты, бир кыйла чектөөлөрдү жаратат.
«Мекендештерибизден тартипти темирдей бекем сактоо талап кылынат. Бул илдеттин мындан ары жайылып кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик бардык милдеттерди аткарып жатат. Врачтарыбыз, чек ара жана милиция кызматкерлери күнү-түнү иштөөдө», - деди президент.
Жээнбеков баса белгилегендей, бул аракеттер коомчулук тарабынан, ар бир жаран тарабынан колдоого алынбаса, ийгилик болбойт.
«Күнү-түнү аракеттенип жаткан ар тармактын кызматкерлерине, биринчи кезекте дарыгерлерибизге дагы бир ирет ыраазылык билдирем. Алгачкы күндөрү медиктерибиздин ишин камсыздоо боюнча кемчиликтер болгон. Андан кабардармын. Республикалык штаб кырдаалды жолго коюуда. Урматтуу дарыгерлер, сиздердин күйүп-жанып, башкаларга ишеним берген эмгегиңерди жалпы журтубуз бийик баалайт. Сиздерди мамлекет камкордугуна алат. Азыркы иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте улантууну суранам», - деди өлкө башчысы.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив