Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Жээнбеков: талаптарды аткарбагандар жалпы элге кыянат кылган болот

Жээнбеков: талаптарды аткарбагандар жалпы элге кыянат кылган болот

25 мар 2020, 20:56    bishkek
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-марттан тартып өзгөчө режим киргизилгенине байланыштуу элге кайрылды. Мамлекет башчы өлкөдө жаңы коронавирусту жайылтпаш үчүн 22-мартта өзгөчө кырдаал киргизилгенин, бирок тартип сакталбаган учурлар катталганын белгиледи. Андыктан жугуштуу ооруга каршы туруш үчүн мындан да катуу чараларды колдонуу зарылдыгы келип чыкканын айтты. Президент өзгөчө абал жарандарга ыңгайсыздык жаратканы менен тартип, санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу экенине токтолду. Бүгүн "бардыгыбыз сыноодобуз" деди президент:
«Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо - ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик. «Бул илдет мага келбейт, сактанбай деле койсом болот» деген кенебестикке жол берүүгө укугубуз жок. Үйдөн чыкпай, гигиеналык эрежелерди бекем сактап, жолугушууларды токтотуу зарыл. Чет өлкөдөн келгендер, обсервацияда же дарыланууда болсоңор, өзүм билемдик менен ал жерди таштап кетүүгө тыюу салынат. Илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондор, издетпей, телефон аркылуу өзүңөр кабар бергиле. Үйдөгү карантин эрежесин да бекем сактаңыздар. Ким бул талаптарды аткарбаса өзүнө гана эмес, жалпы элге кыянаттык кылган болот. Мындай жоопкерсиздикке каршы катуу жаза колдонулат», - деди президент кайрылуусунда.
Жээнбеков элди биримдикке чакырып, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жаткан бардык тармактын кызматкерлерине, алардын ичинен дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы алгачкы күндөрү медициналык кызматкерлердин ишин камсыздоодо кеткен кемчиликтерден кабары болгон.
Ошондой эле президенттин кайрылуусунда өлкөдөгү экономикалык абал, ишкерлер боюнча да иштер жүрүп жатканын айтылды. Ал саясий, мамлекеттик ишмерлерди, массалык маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди сөзгө абдан аяр мамиле кылууга, жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. 25-мартта өлкө боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болду. Алардын 20сы Ош облусунда, 19у Жалал-Абад облусунда, үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда, дагы бирөө Баткен облусунда катталды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив