Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди

Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди

25 мар 2020, 16:40    bishkek
Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилди. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта ушундай билдирүү таратты.
Covid-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн оорукана Кыргызстанга берилгени айтылды.
Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондон улам түрк тарап оорукананы алгачкы жылдары башкарууну өзүлөрү колго алууну көздөп келген.
18-24-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 42 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, карысы 86 жашта экени айтылды. 25-марттын таңына карата жаңы учурлар катталган жок.
Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.
Дүйнөдө коронавирус күчөп турган чакта кыргыз-түрк ооруканасын тез арада ачуу зарылчылыгы парламентте жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив