Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » 25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат

25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат

25 мар 2020, 09:18    bishkek
Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир райондору менен шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады.
Маалымат боюнча, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат. Ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.
25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.
Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.
24-мартта коронавирус дагы 26 кишиден табылып, бул илдетке чалдыккандардын саны 42ге жетти. 26 бейтаптын тогузу Сузак районунда, экөө Ала-Букада, бирөө Ош шаарында, сегизи Кара-Сууда жана алтоо Ноокатта. Алардын ичинен 14ү Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары алар менен байланышта болгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив