Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Москвадагы Кеминдик мигранттар “Бир адамдан бир китеп” долбоорун колдошот

Москвадагы Кеминдик мигранттар “Бир адамдан бир китеп” долбоорун колдошот

14 фев 2020, 18:53    bishkek
Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айылынын Орусиянын Москва шаарында жашап,  иштеп жургөн тургундары Кыргызстанда өтүп жаткан “Бир адамдан бир китеп” долбоорун колдоого даяр. Бул тууралуу  “Кичи-Кемин кайрымдуулук фонду” уюмунун жетекчиси Кабылбек Токталиев билдирди.
«Учурда Кыргыз жеринде «Бир адамдан бир китеп» долбоору өтүп жаткандыгын биз чоң кубануу менен кабыл алдык да, дароо эле Москва шаарындагы мекендештер бири-бирибизге байланышып, бул демилгени колдоого алалы деп макулдаштык», – деди ал.
Токталиевдин билдиргенине караганда, учурда алыскы өлкөдө эмгектенип жүргөн мигранттар тарабынан айылдын  жана мектептин китепканасына керектүү 100 дөн ашуун китеп алып берүү үчүн  керектүү акча каражаттарын чогултуп жатышат.
«Азыр «Бир адамдан бир китеп» долбоору тууралуу маалымат бул жерде иштеп жүргөн жердештерибизге кенен жетиши үчүн атайын жарыя баракчаларын даярдап,  социалдык тармактар аркылуу таратып жатабыз. Ушул эле афишаларды туулуп өскөн айылыбыздын да көрүнүктүү жерлерине илип, айыл элин да кабардар кылууну максат кылып жатабыз»,- деди ал.
Кабылбек Токталиевдин айтымында , чет жерде иштеп жургөн мекендештер бул долбоорду колдогондугунун негизги себеби,  жаштардын китеп окууга үндөө менен, алардын  руханий дараметин жогорулатуу, эл арасында китеп окууну жандандырып, жаштардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында, айылдагы  китепкананын  фондун мезгил талабына ылайык, жаңы китептер  менен толуктап, мектепке жетишпеген окуу китептерин алып берип, жаш окурмандардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүп берүү.
«Мен жалпы кыргызстандыктарды бул долбоорду колдоого чакырам. Ар бирибиз жаркын келечек үчүн, билимдүү жаштар үчүн аянбастан өз салымыбызды кошолу. Себеби биздин келечегибиз бүгүн мектеп партасында отурган жаш кыргызстандыктарга байланыштуу»,- деп сөзүн аяктады Токталиев.
Ал эми коомдук уюмдун дагы бир активдүү мүчөсү Бакытнур Кирдибаеванын айтымында, мигранттар китептерди сатып алуудан мурда, мектептин жетекчилиги, китепканачылар менен биргеликте керектүү китептердин тизмесин түзүшөт.
«Ар турдүү тематикадагы, ар кыл авторлордун китептерин алышыбыз мүмкүн.Мисалы, өзүбүздүн эле чыгаан жазуучу акындарыбыз: Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Касымаалы Жантөшов, Төлөгөн Касымбеков, Алыкул Осмоновдор эмне деген шедеврлерди жазып кетишкен. Алар менен кийинки муун сөзсүз түрдө тааныш болушу керек. Андан тышкары дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын, балдарга керектүү заманбап китептерди алып берсек деп тилек кылып жатабыз. Өзүбүз алыста жүрсөк, да жүрөгүбүз мекеним, элим, жерим деп согуп тургандыктан Кыргызстандын өнүгүшүнө болгон күчүбүздү жумшап, жаштардын жаркын  келечеги үчүн   колубуздан келген жардамыбызды аябайлы деп алдыга жакшы максаттарды коюп жатабыз»,- деди Бакытнур Кирдибаева.
Эскерте кетсек, «Бир адамдан бир китеп» долбоорун 2019-жылдын башында жаш муун өкүлдөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, аны жүзөгө ашыруунун усулун жана жалпы жобосун иштеп чыгышкан. Бул долбоор алгач Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан башталып, андан ары Чаткал, Лейлек, Түп, Бакай-Ата, Алай, Кара-Кулжа, Кочкор, Жумгал, Аксы райондорунда, Кочкор-Ата шаарында ишке ашып, азыр да уланууда. Долбоордун алкагында аймактарда 150 дөн ашуун китепканалар ачылып, ага 28 млн сомдон ашуун акча каражатына китеп алынган.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив