Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Трамп: «Талибан» менен тынчтык келишимине жетишүүгө «аз калды»

Трамп: «Талибан» менен тынчтык келишимине жетишүүгө «аз калды»

14 фев 2020, 15:30    bishkek
АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимине жетишүүгө «аз калганын» билдирди. Анын айтымында, талибдердин өкүлдөрү да «макулдашууну каалап жатышат».
Трамп тынчтык келишимине жетишүү датасын так айткан жок, бирок ал айдын аягына чейин белгилүү болушу керектигин белгиледи.
Акыркы күндөрү Ооганстандагы «Талибан» радикал тобу менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө АКШ «кыйла ийгиликке жетишкенин» бейшемби күнү мамлекеттик катчы Майк Помпео да билдирген. Анын айтымында, президент Дональд Трамп 2001-жылдан бери уланып келаткан жаңжалды тынчтык жол менен токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү улантууну колдойт.
13-февралда Пентагондун башчысы Марк Эспер АКШ менен «Талибан» Ооганстандагы зордук-зомбулукту жети күнгө токтото турууну көздөгөн сунуш боюнча сүйлөшүү өткөрүшкөнүн билдирген.
«Талибан» менен сүйлөшүүдө ийигиктер болуп жаткандыгы жөнүндө буга чейин да бир нече жолу айтылган. Бирок былтыр сентябрда Трамп сүйлөшүүлөр токтогонун билдиргенден кийин Ооганстандагы кагылышуулар уланган.
«Талибандын» өкүлү жума күндөн тарта согуштук операциялардын санын азайта баштай тургандыгын ырастады. Анын айтымында, азырынча ок атууну толук токтотуу тууралуу кеп жок.
Трамп буга чейин Ооганстандагы америкалык аскерлерди толук чыгарып кетүү ниетин бир канча жолу билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талибдер америкалык аскерлер чыгарыла турган датаны так айтууну талап кылышууда. Бирок АКШ ооган бийлиги менен талибдер тынчтык орнотуунун шарттары тууралуу макулдашууга келмейинче, аскерлер чыгарылбай турганын билдирүүдө.
«Талибандын» күчтөрү Ооганстандагы аймактардын бир бөлүгүн көзөмөлдөйт. Акыркы мезгилдерде алар өзүлөрү да «Ислам мамлекети» террордук тобунун кол салуусуна кабылган учурлар катталууда.
«Талибан» 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстандын аймагын дээрлик толугу менен көзөмөлдөгөн. 11-сентябрдагы теракттардан соң алар АКШга Усама бин Ладенди өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин Кошмо Штаттар менен коалиция биргеликте ооган өкмөтүнө Кабулду жана бир нече аймакты алууга жардам берген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив