Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Кытайдан дагы кыргызстандык 40 студент келди

Кытайдан дагы кыргызстандык 40 студент келди

14 фев 2020, 09:06    bishkek
Кыргызстан 13-февралда Кытайдан 40 жаранын алып келди. Алардын баары студенттер.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз жарандары Казакстандын жардамы менен "Бээжин-Алматы" авиакаттамында келип, Бишкекке жөнөтүлдү.
Коронавируска байланыштуу текшерүүлөрдөн өткөрүлүп, атайын жайларга карантинге алынган студенттердин абалы канааттандыраарлык.
Карантин мезгилинде алар менен медицина кызматкерлери гана байланышта болот.
«Алар Кытай менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдардын токтотулушуна жана чек арадан өткөрүү пункттарынын жабылышына байланыштуу, мурда сатып алган авиабилеттери менен учуп келе албай, Үрүмчү шаарында жашап жатышкан», - деп маалымдады министрлик.
Кыргызстан буга чейин да 200дөн ашуун жаранын Кытайдан алып келген.
Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 60 миңге чукулдап, 1355 киши жашоо менен кош айтышты. Ошол эле кезде ооруну жугузган 3441 киши сакайганы кабарланууда.
Илдеттен улам Кыргызстан Кытай менен чек араны жаап, авиакаттамдар токтотулган.
Кытайдан башка дүйнөнүн 30 аймагында кеминде 565 кишиге вирус жукканы аныкталды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив