Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда дамбадан чыккан аралашманын Нура дарыясына кошулуусу токтотулду

Казакстанда дамбадан чыккан аралашманын Нура дарыясына кошулуусу токтотулду

12 фев 2020, 16:03    bishkek

11-февралда Казакстандын Темиртау шаарында жайгашкан КарГРЭС-1 электр станциясынын күл топтоо дамбасынан чыккан аралашма Нура дарыясына кошулуп жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган.
Бийлик ошол эле күнү ал жерге Караганда облустук экология департаменти менен Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү аткаминерлер жөнөп кеткенин билдирди.
— Адистер суунун үлгүсүн алып, текшерүүгө жөнөтүштү. Анын жыйынтыгы менен булгануунун деңгээли аныкталат. Электр станциясына ээлик кылган Bassel Group компаниясында плансыз текшерүү жүргүзүлөт, — деди облустук экология департаментинин жетекчи орун басары Алибек Бекмухаметов.
Bassel Group компаниясы тиешелүү чаралар көрүлүп, аралашманын сууга кошулуусу токтотулганын билдирди.
1942-жылы ишке берилген КарГРЭС-1 Казакстандагы эң эски электр станциялардын бири. 2005-жылы аны Bassel Group компаниясы сатып алган. Негизги ишмердүүлүгү — Темиртау шаарындагы ишканалар үчүн электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуу.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив