Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » «Башкытокойчу» токой-чарбада кандай «ачылыштарды» жасап атат

«Башкытокойчу» токой-чарбада кандай «ачылыштарды» жасап атат

24 янв 2020, 11:22    bishkek



Ɵкмɵткɵ караштуу Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мирслав Аманкулов тууралуу өткөн саныбызда жазганбыз. Суроо узатып. Андан бери толук бир жума убакыт өтсө дагы Аманкулов тараптан жооп болгон жок. Үн катпады. Демек, биздин жазгандарды моюнуна алдыбы? Эмнеге эки ооз сөз менен жооп берип койгонго жарабайт? Мактанып гезиттерге маек берип атканда биз айткан суроолорго өз жообун айта кетсе болот эле да. Же эмне тоготпой атабы? Биз да Мирслав мырза жооп бергенге чейин үстөккө-босток суролоорду гезит аркылуу бере берели деп чечтик.


Эсиниздерде болсо өткөн саныбызда, Мирслав Аманкулов Жалал-Абаддын областык токто-чарбасына директор болгон учурунда кымбат баалуу деп эсептелген жаңгактын тамырларын (каптарды) сатып жибергенин. Ал боюнча иш козголгонун. Ал ишти кандай жол менен жапканын сураган элек. Бүгүн да ошол суроолорду кайталоо менен кошумча суроо бере кетели…


--Урматтуу Мирслав мырза, сиз учурда кызмат абалыныздан пайдаланып анчылык боюнча лицензияны кандай жол менен берип атасыз? Токой-чарба тармагында эмне өзгөчөлүктөрдү жасап атасыз? Биосфера боюнча Жогорку Кенешке келгенде депутаттардын суроолоруна какап-чакап жооп бере албай калдыныз эле, ал боюнча тактап алдынызбы? Азыркы орунга ким аркылуу келгенинизди ачык айтып койбойсузбу? Жалал-Абаддагы ишти кандай жол менен жапкансыз? Сизди аябай айлакер, амалы алты эшекке жүк дейт го. Ушул чынбы? Жетекчи катары коррупция деген теминди кандай түшүнөсүз? Дегиле, азыр коррупция деген балекеттен алыс, таптаза иштеп атам. Ишенсенер бир гана айлыкты жашап атам деп куран кармап айта аласызбы?


Амантур Мусагул уулу


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив