Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Балдарды коргоо - башкы максат

Балдарды коргоо - башкы максат

24 янв 2020, 10:58    bishkek


22-январда Мамлекет башчысы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алып, 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу тартипте эки багытка - социалдык кызматтарды көрсөтүү ишин автоматташтырууга жана үй-бүлө институтун колдоого багытталган балдарды жана балалыкты социалдык жактан натыйжалуу коргоону камсыздоого көнүл бурулушу керектигин өзгөчө белгиледи.


Мамлекет башчысы социалдык жактан коргоого алынбаган категориядагы жарандар, татаал турмуштук жагдайга кабылган балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоонун жаны механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгуунун зарылдыгына көнүл бурду. Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу жана балдарды асыроонун максималдуу ачыктыгын камсыз кылуунун маанисин белгиледи. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров калкты жана эмгек тармагын социалдык коргоо системасын санариптештирүү, балдарды, анын ичинде коомдун социалдык-аярлуу катмарларын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.


Бүгүнкү күндө Министрлик «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына толугу менен кошулуп, 2019-жылдын аягында электрондук форматта 860 минден ашуун справкалар жана маалыматтар алынган. Былтыр бул көрсөткүч 23 мин справкаларды жана маалыматтарды түзгөн эле. Муну менен бирге бала төрөлгөндө бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун берүү процедурасы женилдетилип, толугу менен автоматташтырылган, ашыкча бюрократия жокко чыгарылган. Бүгүнкү күндө жөлөкпулдун мындай түрү «бирдиктүү терезе» принциби менен берилүүдө. Бала төрөлгөндө электрондук арыз толтурулуп, эки иш күндүн ичинде «Балага сүйүнчү» төлөнүп берилет.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив