Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Кербен шаарындагы суу менен жабдуу системасы ондолот

Кербен шаарындагы суу менен жабдуу системасы ондолот

24 янв 2020, 10:57    bishkek



Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Долбоордун жалпы суммасы 6,5 млн еврону түзөт, анын ичинде: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити - 2,5 млн евро; Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин гранты - 3,0 млн евро; Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты - 1,0 млн евро (техникалык кызматташтыктын каражаттары) кирет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө бул долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.


Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Айылдык райондордо суу менен жабдуу жана санитария системаларын өнүктүрүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга Президент кол койду. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Сауд өнүктүрүү фондусу тарабынан 30,0 млн АКШ доллары суммасында берилүүдө. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 4,5 жыл.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив