Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Өз убагында баалган эмгек же атыктуу инсандар мамлекеттик сыйлык алышты…

Өз убагында баалган эмгек же атыктуу инсандар мамлекеттик сыйлык алышты…

24 янв 2020, 10:54    bishkek
Өз убагында баалган эмгек же атыктуу инсандар мамлекеттик сыйлык алышты

20-январь күнүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бир катар коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу аземде Мамлекет башчысы быйыл да аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүүнү, соттук-укуктук реформаларды улантуу жана коррупция менен күрөшүү негизги максат болорун айтып, сыйлык ээлерин өлкөдөгү реформаларды колдоп, анын ишке ашуусуна көмөктөшүп жатышканы үчүн куттуктады.

«Ийгиликтин ээси болуу үчүн журтубуздун биримдигинин, улуттар аралык ынтымактын сакталышы - эн башкы зарыл фактор. Сиздердей эмгек адамдарынын жардамы - мамлекет үчүн чон мааниге ээ. Сиздер, урматтуу мекендештерим, мамлекет демилгелеген реформаларды, келечекке багытталган өзгөрүүлөрдү колдоп жатасыздар. Учурдан пайдаланып, сиздерге чын ниетимден ыраазычылык билдирем. Сиздер эмгекчилдик, мекенчилдик сапаттарынар менен коомдогу кадыр-баркка, урматтоого жеттиниздер. Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу үчүн биз коомчулуктун, эмгек жамааттарынын оюн эске алдык. Бүгүн сиздерге, эл арасында абийир таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө мыкты салым кошуп жаткан мекендештерибизге сыйлык тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз» деди Мамлекет башчысы.

Өлкө жетекчиси айрым адамдардын эмгек жолуна, тарых таржымалына токтолуп, кыскача маалыматтарды да кыстара кетти. Маселен, «Манас» ордени менен сыйланган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун карындашы Роза Төрөкуловна мектептин мугалими, институттун окутуучусу катары көптөгөн жаштарды тарбиялаганын белгилеп: «Эне катары, адис катары жаштарды колдоо багытында тынбай иштеп, опол тоодой эмгек өтөдү. Жаштардын насаатчысы катары кылган эмгеги коомдун мактоосуна арзыды. Кыргызстанда күчтүү жарандык коомдун түптөлүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошту. Улутубуздун сыймыгы Чынгыз Төрөкуловичтин бир тууганы, атанын татыктуу кызы, Роза эжебиз өз эмгеги менен журт арасында кадыр-баркка ээ. Мамлекеттин өнүгүүсүнө чон салымын кошуп келүүдө» деди.

Ошондой эле Президент «Эмгек синирген мугалим» ардак наамын алып жаткан Бардагүл Качканакова боюнча айтты. «Бардагүл Дүйшөновна Таластагы Отунбаев орто мектебинин мугалими. Окуучуларга билим берүүдө ар бир окуучунун жөндөмүн эске алып, сапаттуу сабак берет. Ал директор болуп иштеген учурда Манас районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектеби облуста 1-орунда турган, жыл сайын 3-4 окуучу мектепти артыкчылык менен бүтүрүшкөн, республикалык олимпиадаларга катышкан. Бардагүл Дүйшөновнанын чыгырмачылык менен иш алып барган тажрыйбалары белгилүү. Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун калеми менен дүйнөгө таанымал болгон биринчи мугалим Дүйшөн агайдын кызы экенин айта кеткеним да орундуу болоор» деди.

Калдайган калын журттун ичинде татыктуулар сыйлык алды деген сөз кенири айтылууда. Чынында эле элге эмгеги сингендер наамга арзышты. Маселен, комузчу, обончу, режиссер, драматург театр жана кино актеру катары таанылган Табылды Актанов, кыргыз тарыхын изилдөөгө чон салым кошуп, мектеп окуучулары үчүн окуу китептеринин автору болгон профессор Өскөн Осмонов «Манас» орденине татыктуу болушту. Телережиссура тармагында көп жылдар бою жемиштүү иштеп, ондогон даректүү фильмдерди жараткан Байма Сутенова «Данк» ордени менен сыйланды. Белгилүү ырчы Майрам Дүйшөкеева, балерина Айзада Тумакова, актер жана режиссер Эгемберди Чалабаев, режиссер Алтынбек Максүтов «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын алышты. Кенжекан Дүшеева «Эмгек синирген артист» болду.

Белгилүү акын, “Азаттык Медиа” мекемесинин штаттан тышкаркы кабарчысы Зайырбек Ажыматов жана аксакал журналист, «2-канал» жоопкерчилиги чектелген коомунун кабарчысы Бейшенбек Бекешов «Маданиятка эмгек синирген ишмер» деген ардактуу наамга арзышты. Катардагы дарыгерлер, элет жеринде сапаттуу билим берген мугалимдер сыйланды. Айтсак, травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директорунун орун басары Кубатбеков Алмазбек Токтогул районундагы Бөкөнбаев атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Жанузакова Ибадат, Жумгал районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Стаханов Токтожума мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Сооронбай Жээнбеков сыйлык ээлерин «Эл арасында кадыр-баркка ээ болгон мекендештерим! Баарыныздарды мамлекеттик сыйлык жана жогорку наамдарыныздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Сиздер сыяктуу эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгөт, өсөт. Сиздерге бекем ден-соолук, мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Эл-жерибиз, Кыргызстаныбыз үчүн талыкпай иштей бериниздер! Жергебизде дайыма тынчтык, элибизде ар дайым ынтымак, биримдик болсун! Сүйүктүү мекенибиз - Кыргызстанды Жараткан Кудайым Өзү колдосун!» деп куттуктады.

Нургазы Айтмырзаев
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив