Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Канатбек Азиз, юрист: “Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечими мыйзамдуу жана саясий жактан туура кадам болду”

Канатбек Азиз, юрист: “Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечими мыйзамдуу жана саясий жактан туура кадам болду”

13 июл 2018, 18:14    bishkek
0 комментарий   

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча шаардык кеңештин чечими мыйзамдуу жана саясий жактан туура кадам болду. Бул тууралуу белгилүү юрист Канатбек Азиз өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, А.Ибраимов эмгек өргүүсүндө болгондуктан жыйынга катыша албай калган. “Ушул жерден эске ала турган жагдай, “Граждандык жана муниципалдык кызмат боюнча” мыйзам саясий орунда тургандар үчүн колдонулбайт. Ал жерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагылар эмгек өргүүсүндө жүргөндө иштен алынбайт деп жазылып турат. Мэрлик кызмат болсо саясий орун. Аны депуттар шайлайт жана жогорудагы мыйзам колдонулбайт”, – дейт юрист.
Ошондой эле К.Азиз мэрдин тагдырын премьер-министр менен шаардык кеңештин депутаттары чече турганын айтат. “Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыры А.Ибраимовго ишеним көрсөтпөй койду. Эми аны премьер-министр кызматтан алат, же ортодо сүйлөшүүлөр жүрөт. Белгилеп кетүүчү жагдай, алардын чечими толук мыйзамдуу. Эми өкмөт башчысы А.Ибраимовду кызматтан алуу боюнча токтомго кол койсо ал сотко да арыздана албайт”, - дейт ал.
Юрист экс-президент Атамбаевдин чычалаган билдирүүсүн күтүлүп эле жаткан көрүнүш катары баалаган. “Экс-президент Атамбаевдин чычалаган билдирүүсүн күтүлүп эле жаткан көрүнүш болчу. Анткени, Атамбаев үчүн бул күтүүсүз болду. Ошол эле кезде депутаттар өз алдынча чечим чыгарды. Анын үстүнө Бишкектин мэри Атамбаевдин эң акыркы кадры болчу. Бүгүн болсо анын депутаттар ичинде да кадыр-баркы жок экени дагы бир ирет аныкталды”, - дейт Канатбек Азиз.


 
 
скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;