Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Бекбосун Бөрүбашев, юрист, саясат таануучу: “Түрмө деген курорт эмес, мыйзам бузгандар жооп бериши керек”

Бекбосун Бөрүбашев, юрист, саясат таануучу: “Түрмө деген курорт эмес, мыйзам бузгандар жооп бериши керек”

13 июл 2018, 11:21    bishkek

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күчөп, паракорчулукка айыпталган аткаминерлердин оорусу да “күч алды”. 13-июлда Бишкек ТЭЦи боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары камакка алынган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дарылануу боюнча өтүнүчүн билдирди. Ага чейин ушул эле иш боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев абактан ооруканага которулуп, ага операция жасалары айтылууда. Кунандай так секирип жүргөн саясатчылардын камалса эле оорусу козголору көнүмүш адатка айланып, муну сындагандар да көп.
Юридика илимдеринин доктору, белгилүү саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев түрмө курорт эмес экенин айтып, мыйзам баарына бирдей болушу керектигин “Азаттык” үналгысына курган маегинде билдирген. “Түрмө деген курорт эмес. Мындай нерсе эч кимдин башына келбесин, бирок мыйзам бузулгандан кийин ушундай болуп, ооруп калып жатышпайбы. Аларды адам катары түшүнсө болот. Бирок мыйзам бузуп, ошол убакта коррупциялык иштерге аралашкандан кийин жооп бериши керек. Алардын баары акыл-эстүү адамдар, жаш балдар эмес. Убагында мыйзам бузбай, тигиндей ишке барбаш керек болчу. Баргандан кийин башы менен жооп бериши керек. Экинчиден, Кыргызстанда андай жерде төрт-беш киши эле отурган жок. Менин билишимче 10 миңден ашуун киши абакта отурат. Ошонун көпчүлүгү оорулуу. Ошону да эске алыш керек”, - дейт ал.



скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив