Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Гонконгдон Кыргызстанга каттаган контрабандалык учактардын канчасына Албек Ибраимовдун тиешеси бар?

Гонконгдон Кыргызстанга каттаган контрабандалык учактардын канчасына Албек Ибраимовдун тиешеси бар?

13 июл 2018, 09:54    bishkek
0 комментарий   

Эгерде Москванын мэри Собянин негизги кирешесин айыл-чарба продукцияларын сатуудан табат дешсе, “ал анда эмнеге борборго мэр болуп жүрөт, ал айыл чарба тармагына эле кетпейби” деп элдин баары таң калышмак. Бирок цивилдүү дүйнөдө таң калыштуу, күлкү келтирерлик пародоксалдуу нерселер АШАнын тушунда кадр саясатындагы типтүү көрүнүштөрдүн бирине айланган. Ага далил катарында Бишкектин мэри Албек Ибраимовду, анын декларацияларынын айланасындагы көрүнүштөрдү көрсөтүүгө болот. Чындыгында эле анын декларациялары көп суроолорду жаратат.

        Албек Ибраимов 2016-жылы февралда Бишкектин мэри болуп шайланган, ага чейин “Бишкек” эркин экономикалык зонасын, “Дастан” жабык акционердик коомун, “Манас” эл аралык аэропортун жетектеп келген. Бир жылдай президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары да болуп иштеген. Ал “Дастан” жабык акционердик коомун башкарып турганда Кой-Таштагы заводдун  2,7 гектар жерин аялы Ибраимова Айнура Танкеевнага менчиктештирип берсе, көп өтпөй ал ошол убактагы президентке сатылган катарында “оформить” этилип, анан ал жерге АША баасы 4-5 млн. долларлык хан сарай салгандыгын жакшы билебиз. Чындыгында ал 2008-жылы Максим Бакиев менчиктештирген жер болгон, ал жер революциядан кийин “Дастан” ЖАКсына кайтарылып берилген. Бирок ал жер биринчи баскынчыдан алынган менен көп өтпөй аны экинчи баскынчы, анан үчүнчүсү ээликтеп алгандыгын жогоруда айттык. Же А.Ибраимовдун КРнын тийиштүү мыйзамдары менен болгон чатактары ошондо эле башталган.

        А.Ибраимовдун 2016-жылы тапшырган декларациясында айыл чарба багытындагы ага таандык 29 жер участкасы бар экендиги, 2015-жылда ал үй-бүлөсү менен 33 миллион сом киреше тапкандыгы көрсөтүлгөн. Бирок анын эмнелердин эсебинен алынгандыгы көрсөтүлгөн эмес. Анын 2017-жылдагы декларациясында шаар башчысы 2016-жылдын ичинде негизги иштеген жеринен 735 миң 723 сом алгандыгы, айыл чарба продукцияларын сатуудан 3,5 млн. сом тапкандыгы чагылдырылат. Эң кызыгы, мурда ага таандык делген жер участкаларынын бардыгы жакынынын менчигиндегилер катарында көрсөтүлүп, аялынын 10 млн. сомго жакын иштеп тапкандыгы айтылат. Декларацияларга ылайык, А.Ибраимовдун өзүнүн үйү да, автоунаасы да жок, же сөздүн толук маанисиндеги бомж.

        Анын 2018-жылда тапшырган декларациясындагы маалыматтар деле жогорудагылардан өзгөчөлөнбөйт. Ал 2017-жылда да негизги иштеген жеринен 800 миң сомго жетпеген каражат тапкан, мурдагыдай эле кирешелеринин көпчүлүгүн айыл чарба продукцияларын сатуудан, жарандык-укуктук операциялардан алган. Бирок жакыны же аялы жалпы аянты 110 гектарга жакын 31 жер участкасына ээ экендиги көрсөтүлгөн.

        Аялынын ТМ Orlan Croup деген компаниясы бар, ал авиабензиндерди жана майлоочу майларды сатат. Аялы аны 2015-жылы же А.Ибраимов “Манас” аэропортун жетектеп турганда компанияны сатып алып, ошондон бери Тамчыдагы аэропортту да күйүүчү, майлоочу майлар менен камсыз кылып келет. Мында кызыкчылыктардын кагылышы бар, ага кошумча аялы Айнура Ибраимова бир жылдай күйөөсү менен чогуу бизнес кылган.Ал аракеттеги айрым мыйзамдарга каршы келет. Эң негизгиси, А.Ибраимов 2016-жылдагы декларациясында аялынын жогоруда аталган компаниясын, андан канча киреше алышкандыгын көрсөткөн эмес.

        ТМ Orlan Croup2016-жылдын 14-октябрында же А.Ибраимов мэр болуп шайлангандан 9 айдан кийин кайра каттоодон өткөрүлүп, анын уюштуруучусу Батырбеков Бекбол деген болуп калат. Азыркы убакта анын ээси Абдыкалыков Арстан Сатарович деген адам. Ээлери эки жолу алмашкан менен компаниянын юридикалык дареги өзгөргөн эмес, М.Элебаев, 32. Ал жерде мурдатан Айнура Ибраимова катталып келген, демек, жогоруда ээлердин алмашкандыгы тийиштүү органдардын көздөрүн жазгырууга багытталган фиктивдүү чаралар. Эгерде компания дагы деле өзүнө таандык болбосо аны өзүнүн дарегине каттаткыдай Айнура Ибраимова акмак эмес да.

        “Эрса” деген ЖЧКга Албек Ибраимов өзү Сапар Шайдиев деген адам менен биргеликте ээлик кылат. Анын дареги-Чоң-Арык, Семетей-1. Мурда ал жерде мэр өзү катталып жүргөн. Айнура Ибраимова ЖКнын депутаты Исхак Пирматовдун аялы Ольга Атогурова менен бирге Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында катталган “А плюс К” деген туристтик кызмат көрсөтүүчү ишканага да ээлик кылып келсе, кийин анын да ээси алмаштырылган, бирок чыныгы кожоюндары мурдагылар эле.

        Эң кызыгы, Албек Ибраимов мурда Арашан айылынын Кошокбек көчөсүндөгү № 78 үйдө катталып келген. Анын жанындагы № 80 участок Албек Ибраимовдун өзүнүкү. Анын жанындагы 30 гектардай аянт бийик дубалдар менен тосулуп, ичинде курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан убак. Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, ал жерге Албек Ибраимов элиталык шаарча куруп жатыптыр. Сыягы, ал Максим Бакиеден да ашып түшкүсү келсе керек.

        А.Ибраимов 2013-2016-жылдары “Манас” аэропортун жетектеген. Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун маалыматтарына ылайык, АША президент болуп турганда Гонконгдон Кыргызстанга контрабандалык жүк ташыган 50 дөн ашык учак келиптир. Аэропортко келип жаткан жүктөрдү анын жетекчиси билбейт деп маңыроо гана ойлошу мүмкүн. Албек Ибраимовдун анын канча каттамына катышы бар болду экен? Ал жүктөрдү сатуудан түшкөн кирешенин бир бөлүгү Албек Ибраимовдун капчыгын кампайтып келгени аныкталса, ага таң калбай эле коёлу.

        Мэрдин эки кызы, бир баласы Silk Road деген менчик мектепте окушат. Ал мектептин ар окуучуга бир жылдык акысы 5600 доллар. Ушундан улам жогорудагы шаарчаны мэр кайсыл каражатына куруп, башка чыгымдарын эмненин эсебинен төлөп жатат?- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Мэрдин аялы экөөсүнүн үч жылда иштеп тапкандары жогоруда айтылган шаарчанын коргонуна деле жетмек эмес. Же анын жашырган дагы башка киреше булактары барбы?

        Декларацияларды текшерүү кампаниясында мындай суроолорго чекит коюлуп, Албек Ибраимов кирешелерин, мүлктөрүн жаап-жашырып келаткандыгы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек.


 


скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;