Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

16 янв 2020, 15:12    bishkek
Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара Саттаровага чек арадагы чыр-чатак учурунда өз милдеттерин аткарбаганы, жергиликтүү элге өз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн катуу сын айтылды.
Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактык кабарчысы билдирди.
Ошондой эле Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен анын орун басарына Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевге түшүндүрүү ишин алып барбаганы үчүн эскертүү берилди. Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев 15-январда Бишкекте Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыккан элге кошулуп нааразылык акциясында жүргөнү айтылды.
Координациялык кеңешмеде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары кармалган төрт киши мыйзам чегинде жооп берерин айтты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев чек арадагы акыркы окуяларда жергиликтүү бийлик өз милдетин аткарбаганын белгиледи.
Өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботбаев кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери тууралуу маалымат берип жаткан учурда кеңешмеден журналистер чыгарылды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив