Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Бүгүн чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өтөт

Бүгүн чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өтөт

16 янв 2020, 10:27    bishkek
6-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт.
Кеңешмеде коңшу өлкөгө чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер каралат.
15-январда Бишкекте жана Баткенде чек ара маселесине байланыштуу митингдер өтүп, катышуучулар бийликке бир нече талап коюшту. Анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кызматтан кетирүү тууралуу талап да бар:
 Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн. Дагы бир талабыбыз – вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин, – деп билдирген “Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү Бекназар Айталиев.
14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Алардын бири – Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив