Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда октон жаракат алган жарандык активисттин соту уланууда

Казакстанда октон жаракат алган жарандык активисттин соту уланууда

15 янв 2020, 15:34    bishkek

14-январда Алматы облусунун Талгар райондук сотунда жарандык активист Галина Арзамасовага ок атуу окуясына байланыштуу сот отуруму өттү.
Бул иш боюнча Панфилов айыл аймагынын мурунку акими Нургали Аппазов менен анын айдоочусу Гани Сманов жоопко тартылып жатат. Экөө тең «Бейбаштык» жана «Адамдын саламаттыгына атайылап зыян келтирүү» беренелери боюнча айыпталууда.
63 жаштагы Арзамасованы былтыр август айынын аягында Талгар райондук акимчилигинин имаратынын жанынан атып кетишкен. Натыйжада ал жаракат алган.
Сот жараянында прокурор Дамир Дарханбаев айыптоо бүтүмүн окуду. Анда 2017-2019-жылдар аралыгында мурунку аким Нургали Аппазов жарандык активистти коркутуу максатында кишилерди жалдаганы айтылат.
2017-жылы февралда белгисиз адамдар Галина Арзамасованын үйүнө келип, аны көчөгө чакырып сабап кетишкен. 2019-жылы июлда анын автоунаасын өртөө аракети болгон. Анын үйүнүн жанында бир нече жолу асманга ок атышкан.
Арзамасова – аймактагы жайыттар менен сугат суунун жетишсиздиги, жолдордун начардыгы тууралуу маселелерди көтөрүп, «жашыл аймактагы» жерлердин сатылышына каршылык билдирип жүргөн активисттердин бири.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив