Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кыргызстан жана Тажикстан чек ара маселелерин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстан жана Тажикстан чек ара маселелерин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюшту

15 янв 2020, 12:18    bishkek
Кечээ, 14-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өттү. Эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооробай Жээнбековдун жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча болду.
Сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында «Кызыл-Бель» жана «Гүлистон» өткөрмө-көзөмөл жайларынын аймагында эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда чек ара маселелеринин топтомун, ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде болуп өткөн окуяларды талкуулоо боюнча болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну активдештирүү боюнча көп жактуу пикир алмашылды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
Протоколго ылайык:
- Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;
- топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;
- тараптар Чоркух - Ак-Сай - Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;
- Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;
- Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;
- Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 15-январда, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдоо максатында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив