Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

15 янв 2020, 08:45    bishkek
Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү 14-январда түнкү саат 11:30да аяктады.
Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту.
  1. Буга чейин кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин бир айдын ичинде негиздөөгө сунуш берилсин.
  2. Чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди аныктап, адегенде бир тараптуу чечип, анан жерлерди алмашуу боюнча сунуш ушул жылдын 1-мартына чейин берилсин.
  3. Чыр-чатак көп катталган, эки эл жанаша жайгашкан аймакта кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен күзөтүн күчөтүү каралсын.
  4. Кыргыз-тажик чектеш аймактарында көчөлөр жарыктандырылып, видео байкоо орнотулсун. Эгерде чыр-чатак болуп кетсе видео тасманы эки тарап бирдей карап, талдоого алсын. Ош-Баткен-Исфана эл аралык автожолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара-Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотулсун.
  5. Кыргыз-тажик элинин ортосунда соода-сатык алакасын, маданий кызматташууну өркүндөтүү каралсын.
  6. Кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылсын.
Кол коюлган протоколдо бул алты маселеге эки тарап бирдей жоопкерчилик алып, жумуш чогуу аткарыла тургандыгы жазылган.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив