Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Таластык активисттер: «Бишкекте жатып алып, Таластын атынан сүйлөп, жаманатты кылганды токтотолу»

Таластык активисттер: «Бишкекте жатып алып, Таластын атынан сүйлөп, жаманатты кылганды токтотолу»

14 янв 2020, 17:02    bishkek
Акыркы бир нече күндөн бери ватсапп группаларда «14-январда Бишкекте Ак үйдүн алдына «Жерүй» алтын кенинин ишмердүүлүгүнө каршы таластыктар митингге чыгат» деген маанайдагы билдирүүлөр тарап жаткан эле. Көрсө, муну чагымчыл бирөөлөр атайылап эле таратып жатышканы белгилүү болду. Негизинен Талас жергесиндеги мекендештер «Жерүй» кени боюнча эч кандай митингге чыгууну пландашкан эмес.
Мына ушундай ачык билдирүүлөрү менен «АКИ-пресс» агенттигинин Талас облусундагы филиалына Талас облусунун бир катар активисттери, аксакалдары келип, атайын маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар бир ооздон «Бул жерде биз Талас облусунун ар кайсыл коомдук бирикмелеринин, уюмдарынын өкүлдөрү чогулуп отурабыз. Бишкекте жатып алып, Талас облусунун элинин атынан сүйлөгөн туура эмес. Антип Бишкекте жатып алып элди чогултпай, чындап эле «Жерүй» кенине байланыштуу туура эмес иштер болсо, бул жакка келишсин. Кимден кандай ката кетип жатканын тактайлы. Тамтыйып Бишкекте жатып алып, Таласты жаманатты кылган туура эмес көрүнүш болуп атат. Муну биз эмес, элдин баары айтып жатат. «АКИ-пресске» чыгып элдин атынан сүйлөп койбойсуңарбы лидерлер деп жатышат. Биз беш кишинин атынан сүйлөгөн жокпуз, биз жалпы Таластын атынан сүйлөп жатабыз. Зыяндуу болсо келсин, туура эмес аларга кошулалы. Кимдики туура, кимдики туура эмес экенин чогуу аныктайлы», - дешет.
Анан дагы алар элди экиге бөлбөөгө, чагымчылдык жасабоого чакырышты. Буга чейин алар Талас саясий коому түзүлгөндө аябай кубанышканын айтышат. "Биздин 10-15 ага-инилерибиз Талас саясий уюмун түзүшкөндө биз сүйүндүк элек. Алар элдин келечеги үчүн иштешет, ушул саясий уюмдан алдыңкы бир патриоттор чыгабы деген болчубуз. Андай болбой жатат окшойт. «Жерүй» маселесин көтөрүп жатышат, 14-январда саат 11-00го митингге келгиле деп. Ошол активисттерге кайрылып кетким келет, «Силер Бишкекке отуруп алып, Талас облусунун атынан сүйлөбөгүлө. Андан көрө Таласка келгиле, Айбек мырза, Аманбол, Базарбай Мамбетов аксакалдар келгиле. Облустук администрациянын жыйындар залын алып берели, ошол жерге келгиле. «Жерүй» маселесине биз да кызыкдарбыз, келгиле чогуу сүйлөшөлү», - дешет таластык активисттер.
Демек, 14-январда Бишкекте «Жерүй» маселеси боюнча таластыктар митинг өткөрөт деген бул атайылап эле кайсы бир саясий күчтөр тарабынан жасалып жаткан провокация экенин түшүндүк. Таластык мекендештерибиз эч кандай митингди пландашкан эмес.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив