Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Сот Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу эки полиция кызматкерин жоопкерчиликке тартуудан баш тартты

Сот Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу эки полиция кызматкерин жоопкерчиликке тартуудан баш тартты

14 янв 2020, 09:29    bishkek
Казакстанда сот көркөм муз тебүү чебери Денис Тенге кол салуу учуруна күбө болгон эки полиция кызматкерине карата иликтөө иштерин баштоону талап кылган маркумдун апасы Оксана Тендин арызын четке какты.
Оксана Тен инспекторлор – Адилбек Мусаев менен Азамат Нурпеисовду аракетсиздикке айыптаган. Денис Тендин өлүмү боюнча сот жараянында алар күбө катары өтүшкөн. Полиция кызматкерлери Денис Тенге кол салуу учуруна күбө болушканын, бирок алар келгенде спортчу эбак жаракат алганын билдиришкен.
Маркумдун апасы өз арызында уулунун өлүмүнүн алдын алууга болот беле деген суроону терең иликтөөнү суранган.
2018-жылы августта тартип сакчыларга карата «Оор кесепеттерге алып келген шалаакылык» беренеси боюнча катталган иш 2019-жылы мартта «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» тергөөчү тарабынан токтотулган. Бирок Оксана Тендин өкүлдөрү токтомго макул болбой, сотко кайрылышкан.
Адистештирилген район аралык тергөө соту арызды канааттандырган жок.
Денис Тен 2018-жылы 19-июлда бычак жегенден кийин Алматы ооруканасында кансырап каза тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кол салгандар анын машинесинин күзгүсүн уурдоого аракеттенишкен. Ортодо чыккан мушташта спортчуга бычак сайылган. Полиция шектүү эки жигитти жана аларга көмөктөшкөн аялды көп узабай кармаган.
2019-жылы январда Денис Тенди өлтүрүү үчүн айыпталган эки киши 18 жылга кесилген. Аларга жардамдашкан аял төрт жылга соттолгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив