Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Осмонбек Артыкбаевди качырышты деген ушак, ал жүрөгү ооруп ооруканага түштү

Осмонбек Артыкбаевди качырышты деген ушак, ал жүрөгү ооруп ооруканага түштү

11 июл 2018, 12:00    bishkek
0 комментарий   
Мына ушундай имиш атайылап таратылып жатканы белгилүү болуп калды. Аны кимдер таратышы мүмкүн экендигин да божомолдоо кыйын эмес. Мындай имишке элди ишендирип, анан «бийлик коррупционерлерди четинен бошотуп жаткан турбайбы» деген коомдук пикир жаратуу менен элдин нааразычылыгын пайда кылууну көздөшүүдө.
Эгерде ошол имишти таратып жаткандар көздөгөн максаттарын жүзөгө ашыра алышса, анда өздөрү да дээрлик алты жыл бою «боткосун» чалган коррупциялык иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтен кутула алышат. Демек, имишти кимдер чыгарып жатканын түшүндүңүз окшойт.
Бирок, О. Артыкбаев эч жакка качкан жок. Чындык ушундай. Анын жактоочусу да, өлкөбүздөгү эң абройлуу кардиологиялык борбордон да О. Артыкбаевдин дарыланып жатканын билдиришүүдө.
Кыргызда «таба эмес, тооба кыл» деген сөз бар. Анын сыңары ооруп аткан адамды табалабайт. Имишти таратып жаткандар бул аракеттери аркылуу О. Артыкбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө да психологиялык кысым жасагылары келип турганын байкоого болот. Аларды ар кандай мыйзамсыз кадамдарга атайылап түрткүлөрү келет. Бирок, мындай ыплас технология менен маалымат саясатын жүргүзгөндөр, эртең өздөрү казган орго өздөрү түшө турганына ишене бериңиз. скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;