Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Нарында “инкарчы” соттолду

Нарында “инкарчы” соттолду

11 июл 2018, 08:50    bishkek

Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды. Нарын облустук соту 10-июлдагы отурумунда "Йакын инкар” жамаатынын мүчөсүнө карата чыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Райондук сот аны үч жылга эркинен ажыраткан. Ал ушул жылдын февраль айында "үйүнөн экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды" деп кармалган.
Ушундай эле "тыюу салынган экстремисттик топтун ишин жүргүзүп жатат" деген негиз менен буга чейин облус боюнча төрт кишиге кылмыш иши козголуп, анын экөө соттолгон.Учурда бул топтун мүчөсү болуп саналган 15 киши тартип коргоо кызматынын каттоосунда турат.
Куланак айылынын тургуну Жолдошбек Ипасовдун иши буга чейин Нарын райондук сотунда каралып, өкүм 1-июнда чыккан.
Ушул жылдын февраль айында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ипасовдун үйүнөн “Йакын инкар” жамаатынын идеологиясына окшош кол жазманы табышкан.
Экспертизанын жыйынтыгында "дептердеги жазуу экстремисттик маанайда" деп табылып, анын негизинде Ипасовду райондук сот үч жылга абакка кескен.
Бул чечимге макул болбогон жакындары облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Бирок облустук сот баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды. Жолдошбектин агасы Кубатбек Ипасов буларды айтты:
- Инимдин бийликке, муфтиятка баш бербей бейбаштык кылып, уруксатсыз даават кылып жүргөнүн мойнума алам. Бирок мунун башкаларга зыяны жок болчу. Намазын окуйт. Балдары сабакка барат. Анан жанагы "телевизор көрбөйт, телефон колдонбойт" дегендерге кошулбайт. Биздей эле жашачу. Эми Жогорку сотко кайрылабызбы же жокпу, аны да кеңешебиз го. Анткени мамлекет расмий түрдө бул уюмду экстремисттик деп тапкандан кийин Жогорку соттун чечими деле ушундай болот деп турабыз.
Жолдошбек Ипасовду жазага тартыш үчүн кол жазма дептери башкы далил катары каралды. Сотто ал кол жазманы беш жыл мурда айылга келген дааватчылардан көчүрүп жазып алганын, анда "Йакын инкар" жамааты тууралуу түшүнүгү жок болгонун айтты. Ал эми дептердин жазылган мөөнөтүн экспертиза тактаган эмес. Ипасовдун адвокаты Болотбек Кожомуратов буга сот да маани бербей койгонун айтты.
Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү былтыр Нарында көбөйүп баратканы байкалган. Алар чачын кулагынын учуна чейин өстүрүп, чубалжыган кийим кийип жүрүшөт.
Бирок былтыр бул жамаат расмий түрдө экстремисттик уюм катары табылгандан кийин, чоң баштыктарын көтөрүп, тобу менен көчөдө жүргөндөр дээрлик көрүнбөй калды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив