Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » ИИМ: Бишкектеги атышууга шек саналгандар кармалды

ИИМ: Бишкектеги атышууга шек саналгандар кармалды

10 дек 2019, 15:02    bishkek

Ички иштер министрлигинин ыкчам тергөө тобу Бишкектеги ок атышууга шектүү эки жаран кармалганын маалымдады.
Алардын 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары болгон. Шектүүлөрдүн жанынан огу жок “Макаров” куралы табылды.
Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда бир жарым жылдан бери пикир келишпестик болуп келген.
Милициянын маалыматында, 9 - декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан “Тойота-Авенсис” үлгүсүндөгү машинеге ок атылган.
“Тойота-Авенсистин” ичинде үч киши болгон жана алар белгисиз автоунааны кубалап баратып жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден “Макаров” куралыныкы болушу мүмкүн делген октун алты гилзасы табылган. “Тойота-Авенсис” автоунаасы тинтүүгө алынып, жабыркагандардын буюмдары алынган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.
Милиция шектүүлөр “Коопсуз шаардын” видео көзөмөл байкоолорунун жардамы менен табылганын белгилейт. Учурда бул факт Жазык кодексинин 9-130 (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив