Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

10 дек 2019, 15:01    bishkek
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан өтүштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кодуранова кабарлады. Эл өкүлүнүн айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
- Оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу шек саналган кишиге экспертиза дайындалат, - деди ал. - Шектүү андан баш тартып койсо болот. Кечээ экс-президент баш тартты. Ал башынан эле тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Мен Ирина Юрьевна болуп дайыма мыйзам сакталышы керек экенин айтып келебиз, ошондуктан экспертизадан өттүк. Экспертиза маектешүү форматында өтүп, көп убакытты талап кылган жок. Бир нече дарыгер суроо берди.
9-декабрда Ички иштер министрлиги мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка байланыштуу шектүүлөр ушундай экспертизадан өтүшү зарыл экенин маалымдаган.
Министрлик «2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шек саналып жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесуалдык кодекстин 171-беренесинин («Экспертизаны дайындоонун негиздери») негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү» – деген кайрылуу тараткан.
ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында барымтага алуу жана жапырт баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, азыр УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, 100дөн ашуун адам жараат алган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив