Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Издөө
» »  Аялдарды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган тергөөчү камалды

 Аялдарды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган тергөөчү камалды

09 июл 2018, 09:48    bishkek
0 комментарий   

Самарканд облусунун Каттакурган шаарындагы базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кордоого айыпталган тергөөчү Санат Умаров камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасы кабарлады.
Каттакурган шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, 30 жаштагы Санат Умаров ыйгарым укуктарынан аша чабууга, кыйноо колдонууга айыпталууда.
4-июлда Өзбекстан Башкы прокуратурасы Санат Умаровго каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.
Facebook API failed to initialize.
3-июнда тергөөчү Санат Умаров баштаган топ милиция бөлүмүнө базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды алып келишкен. Андан соң аларды жылаңач чечиндирип, уурдалган акчаны издеп, кол көтөрүшүп, кемсинтишкен. Бирок эч нерсе табылбагандан кийин, аялдардын кармалгандыгы тууралуу эч кандай кагаздарды толтурбастан эле аларды коё беришкен.
Өлкө ИИМи буга чейин тергөөчү Санат Умаров терс аракеттери үчүн жумуштан алынганын билдирген. Акча уурдоого шектелип кармалган аялдардын экинчисин кордогон дагы бир милиция кызматкеринин тагдыры азырынча белгисиз.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;