Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » «Манас» эпосунун күнү. Президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды

«Манас» эпосунун күнү. Президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды

04 дек 2019, 15:40    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды.
Эске салсак, Академия Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 2019-жылдын 31-январында түзүлгөн.
Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, манасчылардын айтуусунда «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты.
Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» эпосу — тарыхыбыздын, ал эми Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү экенин баса белгиледи.
Чыӊгыз Айтматовдун «Манас» эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга эбегейсиз эмгек кылганын өзгөчө белгилеп, «Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү ажыратып, бөлүп кароого болбостугун кошумчалады.
Ал Академияны кыргыздын эки руханий өзөгү — Айкөл Манастын рухунун кубаты жана Чыңгыз Айтматовдун акылынын күчү көтөрүп турганын баса белгиледи.
Академия Айкөл Манастын осуяттарын кеңири жайылтып, аларды мамлекеттик башкарууда жана жаштарды тарбиялоодо жаңы шарттарга ылайыктай ала турганына ишеничин билдирип, жыйырма биринчи кылымдагы коом «Манас» эпосундагы руханий баалуулуктарга өтө муктаж экенин белгилей кетти.
Чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун жакындары жана туугандары Президент менен маданий тармактын өнүгүүсү, жаштарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоо боюнча пикир алмашышып, Академиянын келечектеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу каалоо-тилектерин айтышты.
Алар ошондой эле маданият тармагына көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоого, анын ичинде чыгармачыл союздарга, өлкөнүн маданий объекттерин жаңылоого жардам берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругуна ылайык, Академия илимий, техникалык жана өнөр таануу изилдөөлөрүнө жардам көрсөтүп, «Манас» эпосундагы, кыргыз элдик эпикалык маданиятындагы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасындагы көөнөрбөс руханий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтып жана популяризациялоого көмөктөшөт.
Ошондой эле илимий-практикалык, илимий-техникалык конференцияларды, долбоорлорду, конкурстарды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү, катышуу жана илимий-изилдөө, илимий-популярдык эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык тематикалык басылмаларды, аудиовизуалдык, окутуучу-билим берүүчү, үйрөтүүчү материалдарды басып чыгарууга жардам берет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив