Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Импичмент тууралуу иликтөө: Трамп кызмат абалын кыянат пайдаланган

Импичмент тууралуу иликтөө: Трамп кызмат абалын кыянат пайдаланган

04 дек 2019, 14:46    bishkek
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы демократтар президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Документте Трамп президенттик ыйгарым укуктарынан аша чапканы, Конгрессте иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратканы айтылат. Бул эки айыптоо тең президентке импичмент жарыялоого негиз болушу ыктымал.
Баяндама Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетине өткөрүлүп берилет. Комитет өз угууларын өткөрүп, анын жыйынтыгында импичменттин беренелерин аныктап, добуш берүү үчүн Палатага жөнөтүшү мүмкүн.
"АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жеке өзү же өкмөттөгү жана анын тышындагы кишилери аркылуу 2020-жылы АКШда өтө турган президенттик шайлоого чет өлкөлөрдүн, Украинанын кийлигишүүсүнө ортомчулук кылган. Мындай жол менен кайра шайлануу үчүн атаандашынын перспективаларын кыйындатып, шайлоону өз пайдасына чечүүгө аракет жасаган. Муну менен ал жеке кызыкчылыгын АКШнын улуттук кызыкчылыктарынан жогору койгон", – деп айтылат документте.
Документтин авторлору Трамп атаандашы Жо Байденге зыян келтирүү үчүн Украина бийлигине басым көрсөткөнү далилденди деп эсептешет. Басымдын негизги куралы катары Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуп койгону белгиленген. Конгресстеги угууларда бир катар күбөлөр Трамп украин бийлигинен Байдендин уулунун бул өлкөдөгү иштерин иликтөөнү сураганын айтышкан.
Ошол эле маалда баяндамада импичмент жарыялоо үчүн кайсы беренелер колдонулушу керек экени көрсөтүлгөн эмес.
Республикачылар жана Трамптын өзү айыптоолорду четке кагып келет.
Эгер импичмент жарыялоо сунушу колдоо тапса, президентти кызматтан четтетүү чечимин республикачылар басымдуулук кылган Сенат кабыл алат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив