Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Бажы системасы 2020-жылы толук санариптешет

Бажы системасы 2020-жылы толук санариптешет

02 дек 2019, 16:10    bishkek

Кечээ премьер-министр М.Абылгазиев парламентте ɵкмɵттүн отчету боюнча сүйлɵп жатып, 2020-жылы Бажы системасынын ишин толугу менен санарипке ɵткɵрүлɵрүн жарыялады. Аны депутаттарга майда чечмелеп, тɵмɵндɵгүчɵ кеп салды. «Бажы системасынын ишин толугу менен санарипке ɵткɵрɵбүз. Бизде электрондук бажы кызматы болушу керек. Бул адам факторун жок кылуучу эң натыйжалуу курал. Азыр биз ар кандай персоналарга байлап бажыдагы жемкорлукту айтып жатабыз, андан кутулуштун бир гана жолу бар, бажы системасында болуп жаткан процедуралардын баарын санарип формага алып келишибиз керек. Жакында муну Президентибиз да айтты, бул жаатта эмнелер жасаларын белгилеп кетейин. Бажы посттору заманбап материалдык-техникалык база менен жабдыла баштады, эми эсепке алынбаган товарлардын баарын санарип аркылуу эсептейбиз. 2019-жылы 472 видео камера орнотулду, 5 бажы бекетине инспектордук кɵзɵмɵлдɵɵчү комплекс коюлду. Билесиздер, биз ЕАЭСке кирип жатканда ɵнɵктɵштɵрүбүздүн жана бажы саясатынын талабы коюлуп, үчүнчү мамлекеттен келе турган товарларды автоматташтырылган кɵзɵмɵлгɵɵткɵрүү боюнча чечим кабыл алынган. Инспектордук кɵзɵмɵлдү декабрдын башында «Торугартта» ачабыз, 3-мамлекеттен келе турган товарларды кɵзɵмɵлгɵ алуу боюнча механизм ишке кирет. Мындан тышкары салмак-габариттик кɵзɵмɵл системасын постторго койдук. Азыр үч постко- «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капкага» бүткүл дүйнɵлүк банктын жардамы менен «Бетамонт» системасын киргиздик. Ал жерде кирип жаткан машинанын номерлери, кирип жаткан жүктүн салмагы каттоого алынат. Муну онлайн-режиминде кɵрɵ турган борбордук базага алып келебиз, азыр иш жүрүп жатат. Чек ара постторунан кайсы убакта, кандай унаа ɵтүп жатканын менин кабинетимде, президенттин кабинетинде, бажы кызматынын жетекчисинин кабинетинде кɵрɵ баштадык. Онлайн-режиминде кɵрүп, эсепке алып, каттоо механизми иштей баштады. Мунун натыйжасында бажылык кɵзɵмɵл күчɵтүлɵт, ɵткɵрүү жɵндɵмдүүлүгү жакшырат. Мен ɵзүм 10 млн долларлык жабдык коюлган «Эркештамдан» кɵрүп келдим, канчалык машина чоң болгонуна карабай ичинде кандай товар бардыгын, салмагы канча экенин кɵрɵ турган механизм коюлду. Декабрдын аягынан баштап «Эркештем» жана «Торугарт» постторунда толугу менен иштей баштайт. Мындан ары бул процедуранын баары «Түндүк» системасына кирет, аны баары, депутаттар да кɵрсɵ болот, интернет аркылуу ачык-айкын кылдырабыз»-деди. Албетте, бул колдой турган саамалык экен. Чындыгында эле бажыдагы бир кишини жазалоо менен маселе чечилбейт, эң негизгиси, ал жактагы жемкорлукту жайылткан системаны ооздукташ керек.


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив